Сүрөт ачык булактардан алынды
4 август
Ататүрк паркында спортчулар тарабынан бак-дарактарга зыян келтирилген
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы Ататүрк атындагы парктагы таэквондо залынын тарбиялануучулары тарабынан бак-дарактарга зыян келтирилгени тууралуу маалыматты текшерди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында спорт залдын ээси менен түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Ага жаш спортчулардын машыгууларын жаратылышка жана жашыл аймактарга зыян келтирбеген шартта уюштуруу зарылдыгы эскертилди.
Муниципалдык инспекция шаар тургундарын жана мекеме жетекчилерин борбор калаанын жашыл аймактарын сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
