Нарында текени мыйзамсыз аткан факты аныкталып, 300 миң сомдук доо коюлду
Нарын районунун Туюк-Суу тилкесинде тоолорубуздун баа жеткис символу болгон текени мыйзамсыз улоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Экотех көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын инспекторлору жана Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери биргелешкен рейд учурунда браконьерлерди кылмыш үстүндө кармашты. Алардан курал-жарак жана союлган жаныбардын эти алынды.
Экосистемага келтирилген бул одоно зыян үчүн мыйзам бузуучуларга 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлуп, чогултулган материалдар Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) өткөрүлүп берилди.
"Мындай кылмыштар Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүнө калыбына келгис зыян келтирет. Жапайы жаратылышты сактоо — ар бирибиздин милдетибиз, ал эми мыйзамды бузгандар катуу жоопкерчиликке тартыларын эстен чыгарбоо зарыл", - деп айтылат маалыматта.
