Кайрагач, павловния, чынар. Оштогу Кең-Сай конушуна көчөттөр отургузулду
16 декабрь

Кайрагач, павловния, чынар. Оштогу Кең-Сай конушуна көчөттөр отургузулду

Оштогу Кең-Сай конушуна көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жалпы 1100дөн ашуун кайрагач, павловния, чынар жана ясень көчөтү эгилди. Көчөттөрдү курчап 2500 метр тосмо орнотулду.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышты.

Кең-Сайды жашыл аймакка айлантуу багытындагы иштер улантылат.