Талас облусунда мыйзамсыз аң-уулоого каршы рейддик иш-чара уюштурулду
15 декабрь

Талас облусунда мыйзамсыз аң-уулоого каршы рейддик иш-чара уюштурулду

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан аң-уулоо эрежелеринин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

2025-жылдын 12-декабрынан 13-декабрына караган түнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Беш-Көл өзөөнүндө Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кезектеги рейддик иш-чара уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө тиешелүү уруксат кагаздарынын негизинде мыйзамдуу түрдө атылган 1 баш тоо теке аныкталды. Ошондой эле, аң-уулоо эрежелерин бузган 3 жаран аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 3 укук бузуу протоколу түзүлдү.

Жыйынтыгында ар бир укук бузууга 12 500 сомдон айып пул салынып, жалпы суммасы 37 500 сомду түздү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын сактоо жана мыйзамсыз аң-уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын маалымдайт.