2026-жылга 5 270 га жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары орнотулат
2026-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен 5270 га айыл чарба жерине тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу пландалууда. Эскерте кетсек,2024–2025-жылдары жалпы 2369,5 га жерге суу үнөмдөөчү системалар орнотулуп, анын 641,5 га тамчылатып, 1728 га жамгырлатып сугаруу системалары каралган.
Бул иштер Министрликтин 2025-жылдын 16-октябрындагы суу үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү тууралуу буйругунун негизинде жүргүзүлүп, мамлекеттик фонддун жерлеринде заманбап сугаруу системаларын жайгаштыруу, участокторду аныктоо жана убактылуу пайдаланууга берүү боюнча комплекстүү иштер жүрүүдө.
Учурда республика боюнча 2000 га жер такталып, 1500 га системаларды орнотуу үчүн тендерлер жарыяланган. Долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Ошондой эле дыйкан-фермерлерге суу үнөмдөөчү технологиялардын артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, республикалык деңгээлде 2 семинар өткөрүлгөн.
Тендердик иштер аяктагандан кийин керектүү жабдуулар сатып алынып, 2026-жылдагы вегетация маалына чейин системаларды орнотуу иштери пландалууда.
