Чолпон-Атада 14 теплоход текшерилип, төртөөнө айып салынды
Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылында атмосфералык абаны коргоо боюнча 14 теплоход текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине 4 жеке тарапка административдик протоколдор түзүлдү.
Укук бузууга жол берген жарандардын ар бирине 7 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жалпы айып пулдун суммасы 30 000 сомду түздү.
Жаратылыш ресурстарына караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана атмосфералык абанын тазалыгын камсыз кылуу багытындагы рейддик иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүп, экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү улантат.
