Жогорку Кеңеште биокоопсуздукту камсыздоо жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо боюнча системалуу чаралар талкууланды
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште Төрага Марлен Маматалиевдин жетекчилиги алдында Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Белгилей кетсек, аталган Кеңештин төрагасынын орун басарлары – депутаттар Камила Талиева жана Рахат Жунушбаева. Жыйынга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана алдыңкы эксперттер катышты.
Күн тартибиндеги негизги тема – өлкөнүн экологиялык жана биологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар комплексин ишке ашыруу жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо. Талкуунун негизги багыттарынын бири катары «Биологиялык коопсуздук жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу маселеси каралды. Кеңештин чечими менен Министрлер Кабинетине аталган мыйзамдын аткарылышын координациялоого жооптуу ыйгарым укуктуу органды аныктоо жана биологиялык тобокелдиктерге ведомстволор аралык мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү сунушталды. Муну менен катар республиканын бардык аймактарында электр кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул «жашыл» мобилдүүлүккө өтүүнүн жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүү элементи экени белгиленди.
Жыйында ошондой эле Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо маселеси да талкууланып, тармактык жумушчу топ тарабынан демилгеленген «Ысык-Көлдүн экосистемасын укуктук жолдор аркылуу коргоо» маселесине өзгөчө басым жасалды.
Талкуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетине аймактагы илимий-изилдөө жана инфраструктуралык объекттердин ишин жөнгө салган ченемдик-укуктук актыларды комплекстүү инвентаризациялоо, жер астындагы сууларга мамлекеттик мониторинг жүргүзүү системасын калыбына келтирүү, мониторингдик скважиналар тармагын реабилитациялоо жана башкаруу чечимдерин илимий негизде кабыл алууну камсыз кылуу үчүн экологиялык маалыматтарды чогултуунун санариптик стандарттарын киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу сунушталды.
Мындан тышкары, Кеңеш климаттык туруктуулукту жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоочу инструмент катары геопарктар тармагын мыйзамдык жөнгө салуунун келечегин карады. Талкуунун соңунда ЮНЕСКОнун системасында геопарктарды таануу боюнча укуктук негиздерди иштеп чыгуу сунушталып, бул инвестицияларды тартууга жана экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзөрү белгиленди.
Отурумдун жыйынтыгында Кеңештин чечими мындан аркы иштерде эске алуу жана аткаруу үчүн Министрлер Кабинетине жөнөтүлдү.
