Ысык-Көлдө мыйзамсыз торлорго каршы рейд: 1400 метр синтетикалык тор тазаланды
2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл жана Жети-Өгүз райондорунун аймагында кезектеги рейдтик иш-чара жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясында балык ресурстарына мыйзамсыз коркунуч жаратып жаткан кытай синтетикалык торлору аныкталып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү жана Кудургу айыл аймактарынан 1100 метр, ал эми Жети-Өгүз районунун Тосор айыл аймагынан 300 метр мыйзамсыз тор көлдөн алынды.
Жыйынтыгында жалпы 1400 метр синтетикалык тор көл акваториясынан тазаланып, тиешелүү тартипте жок кылуу үчүн алынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылып, Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана балык корлорун сактоо багытындагы иштер күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.
