Кемин районунда «Жашыл Мурас» демилгеси боюнча 3300 көчөт отургузулду
29 март

Кемин районунда «Жашыл Мурас» демилгеси боюнча 3300 көчөт отургузулду

2026-жылдын 28-мартында Чүй облусунун Кемин районундагы «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркында дарак отургузуу акциясы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл Мурас» Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлдү.

Иш-чара Дорожный – Чолок-Боом унаа жолунун 0–14 км аралыктагы 5-кминде жайгашкан «Жел-Арык 19-квартал» участогунда өттү. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин планына ылайык, жалпы 44 га жерге 15 000 көчөт отургузуу каралган, анын 29,5 га жерине түздөн-түз көчөт отургузулган. Акция учурунда 3300 көчөт отургузулду, анын ичинде терек, мөмөлүү дарактар жана кызыл карагай бар.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, министрликтин кызматкерлери, РМА жана «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркында иштеген кызматкерлер жана чакырылган коноктор катышты.

Аталган акция экологиялык абалды жакшыртууга, токой ресурстарын калыбына келтирүүгө жана табиятты урматтоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. «Жашыл Мурас» демилгеси мамлекет менен коомчулуктун күчүн бириктирип, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана сактоо иштерин колдоого багытталган.