Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар уланууда
6 июнь

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар уланууда

Ак-Талаа РИИБдин кызматкерлери Нарын аймактык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Соң-Көл балык чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана анын алдын алуу максатында кезектеги рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө көлдүн күн чыгыш тарабынан болжол менен 150-200 метр узундуктагы синтетикалык балык уулоочу тор табылып, көлдөн алынып, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Соң-Көл жайлоосунда жайгашкан эс алуучу жайлардын ээлери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар уюштурулуп, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө, жаратылыш байлыктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар менен ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ак-Талаа РИИБи жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөйт. Рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.