Тоолорго кар жаайт. 17-мартка карата аба ырайы
www
17 март

Тоолорго кар жаайт. 17-мартка карата аба ырайы

Бүгүн, 17-мартта өлкө аймагында күн ачык болуп, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге, кээ бир аймакта 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: 

  • Чүй облусунда +9... +14,
  • Суусамыр өрөөнүндө -3… -8,
  • Таласта +6… +11,
  • Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +12... +17, 
  • Ысык-Көл облусунда +6... +11,
  • Нарында +1... +6 градус болот.

Ал эми борбор калаабыз Бишкекте абанын табы +11... +13 градусту түзүп, жылуу болот.