Дайырбек Орунбеков тоодо эс алуу маданияты жана жаратылышка болгон мамиле тууралуу пикирин билдирди
25 май

Дайырбек Орунбеков тоодо эс алуу маданияты жана жаратылышка болгон мамиле тууралуу пикирин билдирди

Анын айтымында, мурда Ала-Арча сыяктуу эс алуу жайларында жарандар ар жерге очок жагып, казан-табак көтөрүп барып тамак жасап, артынан таштанды калтырып кеткен көрүнүштөр көп кездешчү. Азыр болсо аймактар иретке келтирилип, элдер үчүн шарттар түзүлүп, көпчүлүк жаратылышта сейилдеп эс алып калганын белгиледи.

Ошол эле учурда ал айрым жарандардын дагы эле таштанды таштап кетип, тоодогу гүлдөрдү үзүп сүрөткө түшүп жатканын сынга алды.

“Жаратылышты сүйөлү, гүлдөргө суктаналы, бирок кыйратып кетпейли. Биз мал эмеспиз го акыры”, – деген пикирин билдирди.