ККӨ темир жолунун курулушундагы экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн кошумча айып пулдар салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Жалал-Абад облусундагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш объекттеринде айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүп келет.
Буга чейин курулуш тилкелеринде жүргүзүлгөн пландан тышкары текшерүүлөрдүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдарды бузуунун 30 фактысы аныкталган. Инспекциянын жыйынтыгы менен укук бузуулар тууралуу 4 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 107 миң сомдук айып пул салынган, ал эми подряддык уюмдарга аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана аймактарды тийиштүү санитардык абалга келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилген.
Андан аркы мониторингдин жана ачык булактарга жарыяланган материалдарды кароонун алкагында, инспекторлор тарабынан айрым курулуш тилкелеринде кошумча көчмө текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын Үрүм-Баш тилкесинде курулуш компаниясы тарабынан калдыктардын мыйзамсыз жайгаш
