Токойлорду калыбына келтирүү. Кыргызстанда бир жылда 25 миңден ашык көчөт отургузулду
2025-жылы «Жашыл-Мурас» улуттук экологиялык кампаниясынын алкагында Кыргызстандын корголуучу жаратылыш аймактарында токой экосистемаларын калыбына келтирүү боюнча ири иштер жүргүзүлдү.
Мамлекеттик жаратылыш парктары 23,79 гектар аянтка 16 450 көчөт отургузушкан. Ал эми ижарачылар кошумча түрдө 15,3 гектар жерге 8 786 дарак отургузушкан. Жалпысынан бир жыл ичинде дээрлик 40 гектар аянтка 25 236 көчөт тигилди.
Күзгү инвентаризациянын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик парктардын питомниктеринде 359 316 көчөт жана уруктан өстүрүлгөн өсүмдүктөр бар. Алардын ичинен 106 825и токой аянттарына отургузууга жарактуу деп табылган.
Бул иштер токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылыш экосистемаларын чыңдоо максатында жүргүзүлүп, өлкөнүн узак мөөнөттүү экологиялык стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
