Ошто дээрлик 100 миң түп көчөт отургузулуп, 38,6 га жашыл аймак түзүлдү
Бүгүн, 5-июнда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган жыйын өтүп, ага мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышып, сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө мэрдин орун басары экология тармагынын кызматкерлерин, мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана шаар тургундарын кесиптик майрамы менен куттуктап, айлана-чөйрөнү коргоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгиледи.
Э.Толтоев акыркы жылдары Ош шаарында экологиялык абалды жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын айтты. Бул иштер Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 2026-жылдын жазгы үч айлыгында шаарда:
- 90 716 түп көчөт жана 560 миңден ашуун гүл отургузулуп, 38,6 га жашыл аймак түзүлдү;
- Миңдеген тонна таштанды чыгарылып, 133 чакырымдан ашуун ирригациялык тармактар тазаланды;
- Президенттин колдоосу менен Ак-Буура дарыясынын 11 чакырымдан ашуун нугу тазаланып, иретке келтирилди;
- 8 мурдагы көрүстөн рекультивацияланып, 10 гектардан ашуун жаңы жашыл зона түзүлдү;
- Шаардын көчөлөрүнө таштандыларды бөлүп таштоочу үкөктөр орнотулуп, 16 сорттоо пункту ишке берилди.
Жыйында Э.Толтоев таштанды полигонунун аймагында таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш долбооруна өзгөчө токтолду.
Министрлер кабинетинин чечими менен “Улуттук долбоор” статусу берилген бул завод күнүнө 850 тонна таштандыны кайра иштетип, 30 мегаватт электр энергиясын өндүрмөкчү. Бул экологиялык көйгөйлөрдү чечүү менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
