Киров суу сактагычынан 500 метрге жакын синтетикалык жана жибек торлор аныкталды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы
5 июнь

Киров суу сактагычынан 500 метрге жакын синтетикалык жана жибек торлор аныкталды

Киров суу сактагычында түнкү рейд жүргүзүлдү, деп кабарлайт Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө браконьерлер тарабынан мыйзамсыз коюлган болжол менен 500 метр синтетикалык жана жибек торлор аныкталып, суу сактагычтан чыгарылды.

"Мындай мыйзамсыз балык уулоо каражаттары балык корун азайтып гана тим болбостон, суу экосистемасына олуттуу зыян келтирип, биологиялык ар түрдүүлүккө коркунуч жаратат", – деп айтылат билдирүүдө. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин натыйжасында 2026-жыл башынан бери Киров суу сактагычынан жалпысынан 2500 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор алынган.