Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 250 даана көчөт отургузулду
Ош шаарынын Озгур айылындагы эски көрүстөндө экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу максатында 27-мартта көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, саамалык алгач маркумдарга багышталып куран окулуп, айыл аксакалдарынын ак батасы менен башталды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Франциянын, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилери, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Озгур айылындагы аталган көрүстөн рекультивация иштеринен кийин экинчи жашылдандырылып жаткан аймак болуп саналат. Долбоорго ылайык бул жерди жашылдандыруу максатында 70 сотых аянтка 250 даана эки түрдөгү (ясень, клён) көчөттөрү отургузулду.
Белгилей кетсек, өлкө башчысынын демилгеси менен “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында 2026-жылы Кыргызстан боюнча 9 млн бак отургузуу пландаштырылган. Өнөктүктүн алкагында быйыл Ош шаары боюнча рекультивациядан өткөн 8 көрүстөндүн ордун, жалпы 11 гектар жер тилкесин жашылдандыруу иштери пландалууда.
