Айыл чарба министрлиги
16 март
Орто-Токой суу сактагычына 1,2 млн май-канат балыгынын чабагы кое берилди
Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧКсы тарабынан май-канат балыгынын орточо салмагы 0,45 грамм болгон 1,2 миллион чабак коё берилди.
Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.
Комиссиялык топтун курамында Балык өнөр жайы комплекси департаментинин адиси жана Экологиялык туристтик милициянын кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлдү.
Иш-чара суу сактагычтагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.
