УКМК: Стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектиси – суткалык жөнгө салуу бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды
9 февраль

УКМК: Стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектиси – суткалык жөнгө салуу бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан суу инфраструктурасынын объектисин – күнүмдүк жөнгө салуу бассейнин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Маалымат үчүн: Совет доорунда айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн күнүмдүк жөнгө салуу бассейндери активдүү курулган. Күнүмдүк жөнгө салуу бассейнинин негизги максаты – ашыкча суу топтоо мезгилинде (кыш же жаан-чачындуу мезгилде) сууну топтоп, андан кийин аны кургакчылык мезгилде колдонуу болуп саналат.

Тактап айтканда, 1999-жылдын 30-ноябрында өткөрүп берүү актысынын негизинде аталган суткалык жөнгө салуу бассейни мыйзамсыз түрдө «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин балансына өткөрүлүп берилген. Кийинчерээк, 2021-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын №28 чечиминин негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн суткалык жөнгө салуу бассейни «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин менчигине өткөн жана андан соң жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт алынган.

Тергөө иш-чараларынан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген суу инфраструктурасынын объектиси мамлекеттин балансына кайтарылып, Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болгон Ысык-Ата суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилди