ӨКМ: Кыргызстан жер көчкү кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн катарына кирет
видеодон алынган кадр
21 июль

ӨКМ: Кыргызстан жер көчкү кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн катарына кирет

Кыргызстан жер көчкү кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

2026-жылдын 30-мартына карата республика боюнча 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Алардын 2415и мамлекет тарабынан жер тилкеси жана жардам берилгенине карабастан, кооптуу аймактан көчө элек.

Эң көп көрсөткүч Ош облусунда катталган. Облуста 2396 үй-бүлө жер көчкү кооптуу аймактарда жашайт. Алардын 1475и коопсуз жерге көчүп чыга элек.

Жер көчкүлөр негизинен жаз айларында кардын эриши жана нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен активдешет. Бирок күз мезгилинде да узакка созулган жаан-чачындын айынан жер көчкү жүрүү коркунучу сакталат.

ӨКМ жарандарды жер көчкү кооптуу аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так аткарууга жана өз убагында коопсуз жайга көчүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так сактоого жана өз убагында коопсуз жайларга көчүүгө чакырат.