Лейлек районунун Катран айылында ичүүчү суу системасы курула баштады
1 май

Лейлек районунун Катран айылында ичүүчү суу системасы курула баштады

Лейлек районунун Катран айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү башталды.

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобу тарабынан айыл тургундарын жөн гана суу менен камсыз кылуу эмес, коопсуздук стандарттарына жооп берген туруктуу суу системасын түзүү максатында иштер алып барылууда. Ар бир үйгө суунун киргизилиши жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

Курулуш иштерин 2027 жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. Мындан кийин Катран айылынын 7 миңден ашуун тургуну үзгүлтүксүз жана таза ичүүчү суу менен камсыз болот. Бул өз кезегинде аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга да олуттуу салым кошот.