Гуля Кожокулова: Иттерди атуу – жапайычылык. 7 миллионду атууга эмес, сактоого коротушубуз керек
4 март

Гуля Кожокулова: Иттерди атуу – жапайычылык. 7 миллионду атууга эмес, сактоого коротушубуз керек

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкектеги жолбун иттерди атуу канчалык мыйзамдуу экенине кызыкты. 

Айтымында, көчөлөрдү жолбун иттерден тазалоо – аларды атуу үчүн Бишкек мэриясынын “Тазалык” департаментине жыл сайын 7 миллион сомго чейин каражат бөлүнөт. 

“Жаныбарларды атуу канчалык мыйзамдуу? Андан көрө бөлүнгөн каражатты жаныбарларды стерилдөө же алар үчүн приют ачууга эмнеге багыттабайбыз? Шаардык кеңеш жыл сайын ушунча сумманы жаныбарларга жапайы мамиле жасоо үчүн бөлүү чечимин кабыл алышат. Мында Бишкек шаардык прокуратурасы четте турбай, мэриянын бул кылыгына юридикалык баасын бериши керек”, – деди депутат. 

Ал жолбун иттерден болчу коркунучтарды азайтуу үчүн сөзсүз эле кырып салбай, башка жолдорду табууга да болоорун кошумчалады. Ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарында жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле жасоого атайын берене бардыгын да эске салды. 

“Иттерди атуу бир гана моралдык эмес, гумандуулук жактан да болбойт. Жаныбарлар балдарга оң таасир берет, алардагы агрессияны азайтат. Муну биз, улуулар унутпашыбыз керек. Бишкек бир гана автоунаалар үчүн эмес, адамдар жана алардын кичинекей достору үчүн да ыңгайлуу шаар болууга тийиш. Жаныбарларды сактап калуу коомдун жетилгендигин жана гумандуулугун көрсөтөт”, – деп белгиледи депутат.