22-июлга караган түнү магниттин бороон болот
21-июлдан 22-июлга караган түнү жерде магниттик бороон күтүлүүдө. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун (ИКИ РАН) жана Сибирь бөлүмүнүн Күн-Жер физикасы институтунун (ИСЗФ СО РАН) адистери билдиришти.
Адистердин алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, геомагниттик активдүүлүк G1–G2 деңгээлине жетиши мүмкүн. Бул алсыздан орточо күчкө чейинки магниттик бороонду билдирет.
Күтүлүп жаткан геомагниттик өзгөрүүлөргө Күндөгү ири короналдык тешиктен чыккан ылдам күн шамалы себеп болот. Бул короналдык тешик Күндүн эки уюлунун ортосуна чейин созулуп тургандыктан, анын козголгон плазма агымынын Жерге жетиши дээрлик сөзсүз деп бааланууда.
Окумуштуулар белгилегендей, магниттик бороондун так башталуу убактысы, узактыгы жана эң жогорку күчү жаңы байкоо маалыматтары алынгандан кийин өзгөрүшү мүмкүн.
