Кыргызстанда ветеринардык мониторингдин бирдиктүү геомаалыматтык системасы иштелип чыгууда
21 февраль

Кыргызстанда ветеринардык мониторингдин бирдиктүү геомаалыматтык системасы иштелип чыгууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы сибирь жарасынын очокторун эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча геомаалыматтык система – «ОЭМС» ГМС түзүү долбоорунун ишке ашырылышы башталганын маалымдайт.

Долбоор эпизоотиялык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын жайылыш коркунучтарына ыкчам жооп кайтарууга жана Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагын мындан ары санариптештирүүгө багытталган.

Системаны иштеп чыгуу министрликке караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлүүдө.

«ОЭМС» ГМС – бул өлкө аймагындагы ветеринардык-санитардык абал боюнча маалыматтарды визуалдаштыруу, эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана аналитикалык иштетүүнү камсыз кылган заманбап веб-тиркеме.

Долбоордун алкагында төмөнкүлөр каралган:

• сибир жарасынын очокторун, биологиялык калдыктарды утилизациялоо объекттерин жана ветеринардык инфраструктураны чагылдырган интерактивдүү картаны түзүү;
• ветеринардык-санитардык иш-чараларды эсепке алуу системасын киргизүү;
• аналитика, отчеттуулук жана башкаруучулук чечимдер үчүн борборлоштурулган маалымат базасын түзүү;
• оорулардын жаңы очоктору катталган учурда жооптуу кызматтарды автоматтык түрдө кабардар кылуу;
• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системалары менен интеграциялоо.

Системаны ишке киргизүү ветеринардык процесстердин ачыктыгын камсыз кылууга, алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн биологиялык коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

"ОЭМС" ГМС системасын киргизүү ветеринария тармагында мамлекеттик башкаруунун санариптик инструменттерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, Кыргыз Республикасында эпизоотиялык кырдаалды мониторингдөөнүн заманбап деңгээлин камсыз кылат.