Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду аныктоо жана суудан чыгаруу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө суу сактагычтан 500 метрге жакын мыйзамсыз салынган кытай синтетикалык торлору чыгарылып алынды.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Токтогул суу сактагычынан 40 миң метрден ашык мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлор чыгарылды.
Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 28-февралындагы №20 «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен балык уулоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 «Айрым суу сактагычтарда балыкты өндүрүштүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» токтомунун талаптарын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Мыйзамсыз салынган синтетикалык торлор суудагы балык ресурстарына жана башка суу жаныбарларына олуттуу зыян келтирип, экосистеманын бузулушуна алып келет.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы суу объектилеринде браконьерликке каршы рейддик иш-чараларды мындан ары да күчөтүп, жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
