Жаратылыш ресурстары министрлиги
9 июль
Жалал-Абад облусунун аймагында 32 миңден ашуун суур бар
Жалал-Абад облусунун аймагындагы суурлардын санын эсепке алуу иштери жүрүп, санактын жыйынтыгында облус аймагынан жалпы - 32 327 баш суур эсепке алынды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинен:
- Кызыл суур- 19 157 (он тогуз миң бир жүз элүү жети) баш;
- Мензбир сууру- 13 170 (он үч миң бир жүз жетимиш) баш.
Санак иштери Жаратылыш ресурстары министрлигинин буйругу менен бекитилген жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу жөнүндөгү нускамасына ылайык жүргүзүлгөн.
