Ысык-Көлдө кыргоолдордун саны көбөйүүдө
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө кыргоолдордун саны байкаларлык көбөйүүдө.
Аталган кызматтан кабарлашкандай, айрыкча Ысык-Көл облусунун Кайырма-Арык айылынын аймагында кыргоолдор айыл тургундарынын үй короосуна чейин келип, оттоп жүргөн учурлар катталууда. Бул көрүнүш жаратылыштагы биологиялык тең салмактуулуктун калыбына келе баштаганын айгинелейт.
Мындай оң өзгөрүүлөр Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлорунун браконьерликке каршы күнү-түнү тынымсыз жүргүзүп жаткан иш-аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болууда. Кызмат тарабынан өткөрүлүп жаткан рейддер жана көзөмөл иштери жапайы жаныбарларды коргоого олуттуу салым кошууда.
Жаратылышты коргоо – жалпы коомчулуктун милдети. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жапайы жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.
