Кыргызстан Римде ФАОнун иш-чараларында тоо күн тартибин өнүктүрүү боюнча демилгелерди сунуштады
12 декабрь

Кыргызстан Римде ФАОнун иш-чараларында тоо күн тартибин өнүктүрүү боюнча демилгелерди сунуштады

Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен биргеликте ФАОнун штаб-квартирасында өткөн Эл аралык тоо күнүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышты.

Программанын жүрүшүндө Атайын өкүл Динара Кемелова жогорку деңгээлдеги талкууларда сөз сүйлөп, Кыргызстан тоолуу аймактар боюнча күн тартибин глобалдык климаттык диалогдун жана туруктуу өнүгүү платформаларынын контекстинде ырааттуу жана туруктуу түрдө алдыга жылдырып жатканын баса белгиледи.

ФАО Эл аралык тоо күнүнүн алкагында мыкты инновациялык долбоорго сынак өткөрдү. Кыргыз Республикасынын өкүлү Азиз Солтобаев байгелүү орунга ээ болду. Анын долбоору жеткиликтүү жана арзан технологияларды колдонуу менен бийик тоолуу райондордогу климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү карайт.

Мындан тышкары, Атайын өкүл Динара Кемелованын ФАОнун Токой чарбасы департаментинин директору У Чжимин менен эки жактуу жолугушуусу болду.

Тараптар Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү келечегин, ошондой эле тоо тематикасына арналган алдыдагы иш-чараларды талкуулашты.