Ошто айрым муниципалдык кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлөт. Кимдердики?
28 январь

Ошто айрым муниципалдык кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлөт. Кимдердики?

Ош шаарында аэропортко кеткен жолдун эки тарабына көчөт отургузуу иштери уланууда. Аталган аймакка 300 даана чынар көчөтү отургузулууда.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев 27-январда көчөт отургузуу иш-чарасына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуп, быйылкы жылдан тартып кызматкерлердин айлык акылары эки эсе жогорулатылганын билдирди.

Белгилей кетсек, мэр буга чейин аталган ишкананын жаңы имаратынын ачылыш аземинде кызматкерлердин айлык акыларын 2026-жылы эки эсе жогорулатуу боюнча убада берген.

Эскерте кетсек, көчөт отургузуу демилгеси шаардын экологиялык абалын жакшыртууга, аэропортко кеткен жолдун көркүн арттырууга, ошондой эле шаарга келген коноктор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.