Балыкчы шаарындагы «Оазис» кафеси айлана-чөйрөгө агынды сууларды мыйзамсыз төккөндүгү аныкталды
20 июль

Балыкчы шаарындагы «Оазис» кафеси айлана-чөйрөгө агынды сууларды мыйзамсыз төккөндүгү аныкталды

Балыкчы шаарындагы «Оазис» кафеси айлана-чөйрөгө агынды сууларды мыйзамсыз төгүү фактысына байланыштуу 28 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү текшерүү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн. Ага социалдык тармактарда тараган видео себеп болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталып, аталган факты тастыкталды.

Жаратылыш ресуратры министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөгө агынды сууларды мыйзамсыз төгүү экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузуу болуп саналарын жана ал үчүн административдик жоопкерчилик караларын эскертет.