Ошто жаңы конуштардагы экологиялык абал талкууланды
Ош шаарынын мэриясында бүгүн «Аракет – Кыргызстандын жаңы конуштарында жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Эдельвейс, Алай-1, Алай-2 жана "Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгында экологиялык абалды жакшыртууга багытталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйынтыктоочу жыйынга Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, "Аракет" долбоорунун өкүлдөрү, тиешелүү тармактар боюнча иш алып барган илимий кызматкерлер катышты.
Жыйында, Ош шаарынын аймагындагы жаңы конуштарда негизги экологиялык факторлорго себеп болгон табигый көрүнүштөр, сел кырсыктары, топурак, өсүмдүктөргө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалыматтар берилди. Соңунда жогоруда аталган аймактардагы экологиялык шарттарды жакшыртуу боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
Белгилей кетсек, "Аракет" долбоорунун алкагында аталган төрт аймакта жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча эки жылдан бери ар тараптуу жумуштар аткарылууда.