Бишкектеги окуу жайлардын биринин аймагында мыйзамсыз бак кыюу фактысы аныкталды
видеодон алынган кадр
4 сентябрь

Бишкектеги окуу жайлардын биринин аймагында мыйзамсыз бак кыюу фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин аймагында мыйзамсыз бак кыюу фактысы аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү уруксатсыз бак-дарактарды кыюу фактысы аныкталып, жаратылышка келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №224 токтомуна ылайык эсептелди. Анын жалпы өлчөмү 23 906 сомду түздү.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү материалдарга укуктук баа берүү жана мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн текшерүүнүн материалдары укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.