Ысык-Көлдүн тарыхында алгачкы жолу катардагы турнанын биринчи уя салуусу орун алды
3 июнь

Ысык-Көлдүн тарыхында алгачкы жолу катардагы турнанын биринчи уя салуусу орун алды

2026-жылдын 19-апрелинде корукчу А. Калчаев Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун Жети-Өгүз корукчасында катардагы турнанын уясын тапкан.

Уя Ысык-Көлдүн жээк тилкесиндеги сазда жайгашкан. 2026-жылдын 24-майында ошол эле аймактагы талаанын четинде эки балапандуу катардагы турналардын жубу кездешкен.

Учурда коруктун корукчулары турналарды коргоп, көзөмөлдөп жатышат. Ысык-Көл жаратылыш коругунун илимий кызматкери С. Кулагин Ысык-Көлдө катардагы турнанын биринчи уя салуусу жөнүндө илимий макала жазган. Макала Москвадагы Евразия турналары боюнча эл аралык жумушчу топтун бюллетенине берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө тарыхында 1958-жылы гана катардагы турнанын уя салуусу Чүй өрөөнүндө катталган.