Караколдо заманбап канализациялык тазалоочу курулмалар курулууда
Караколдо заманбап канализациялык тазалоочу курулмалар курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев курулуш иштери менен таанышты. Бул объект суткасына 12 000 м³ саркынды сууну тазалоого эсептелген.
"Калктын жашоо сапатын жакшыртууда жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда тазалоочу курулмалар өзгөчө роль ойнойт. Каракол шаарындагы бул долбоор — заманбап инфраструктурага жасалган олуттуу инвестиция. Бул объект Каракол шаарындагы санитардык инфраструктуранын сапатын жогорулатуу менен бирге, Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга да чоң салым кошот”, — деп белгиледи министр Бакыт Төрөбаев.
Долбоор саркынды сууларды тазалоонун толук процессин камтыйт: механикалык жана биологиялык тазалоодон тарта хлорлоо жана фосфорду алып салууга чейинки процесстер заманбап европалык технологиялардын негизинде жүргүзүлөт (A2O методу, PAC-осаждение, автоматтык аэрация жана SCADA башкаруу системасы).
Бүгүнкү күндө эски курулмаларды демонтаждоо жана жер казуу иштери бүткөрүлүп, административдик корпус, кампалар жана көзөмөл пункттарынын курулушу аяктап, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Калган объекттерде бетон куюу жана арматура иштери уланууда. Жалпысынан курулуштун прогресси 40% түзөт. Алгачкы жабдуулардын партиясы 2025-жылдын август айында жеткирилет деп күтүлүүдө.
Бул долбоор Каракол шаарындагы экологиялык абалды жакшыртып, санитардык инфраструктуранын деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошот.
