Канатбек Чыныбаев Чүй дарыясандагы жээк бекемдөө иштерин текшерди
22 май

Канатбек Чыныбаев Чүй дарыясандагы жээк бекемдөө иштерин текшерди

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунда жүргүзүлүп жаткан Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө боюнча курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Чүй дарыясы трансчек аралык дарыя болуп эсептелет. Акыркы жылдары дарыянын сол жээги эрозияга учурап, жээк тилкелери урап, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жерлерди суу каптоо коркунучун жаратып келет.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, калктуу конуштарды жана чек арага жакын аймактарды коргоо максатында Чүй облусунда ири масштабдагы жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин жалпы узундугу 1800 метрден ашкан бир нече тилкеде курулуш иштери толугу менен аяктаган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Чүй дарыясынын сол жээгин бекемдөө боюнча кошумча долбоорлор ишке ашырылууда. Учурда Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы стратегиялык маанидеги бир катар тилкелерде курулуш иштери уланууда.

Ошондой эле мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, 2033-жылга чейин Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин каржылоо жыл сайын каралып келет.