Балык ресурстарын сактоо жана көбөйтүү иштер улантылууда
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы №172 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрүштүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп келет.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыктардын баалуу түрлөрүнүн запастарын жасалма жол менен көбөйтүү планы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылып, Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан бекитилген. Ага ылайык, жыл сайын көлдөр ысык-көл жилингири, карп (сазан) жана сига-лудога балыктарынын чабактары менен балыктандырылууда.
2024-жылы:
- Ысык-Көл көлүнө – 21,5 млн даана,
- Соң-Көл көлүнө – 5,7 млн даана балык чабактары кое берилди.
2025-жылы:
- Ысык-Көл көлүнө – 13,6 млн даана,
- Соң-Көл көлүнө – 5,6 млн даана балык чабактары кое берилди.
2026-жылга карата пландарга ылайык:
- Ысык-Көл көлүнө – 14,1 млн даана,
- Соң-Көл көлүнө – 3,5 млн даана балык чабактарын кое берүү пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Биология институтунун маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көл көлүндө балыктардын жалпы 26 түрү мекендейт. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар балык запастарынын көбөйүшүнө жана экосистеманын тең салмактуулугун сактоого багытталган.
Ошондой эле Балык өнөр жайы комплекси департаментинин адистери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынын жана Ички иштер министрлигинин Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө браконерликке каршы рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келишет. Анын алкагында мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоо иштери туруктуу негизде аткарылууда.
