Кыргызстандын шаарларындагы арык жана сугат тармактарынын эскириши 85% жетти
Иллюстрациялык сүрөт
12 ноябрь

Кыргызстандын шаарларындагы арык жана сугат тармактарынын эскириши 85% жетти

Кыргызстандын шаарларындагы магистралдык, чарбалар аралык жана квартал ичиндеги арык жана сугат тармактарынын орточо эскирүү деңгээли 85 пайызга жетет.

Мындай маалымат 2027-2031-жылдарга карата шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу боюнча улуттук программада көрсөтүлгөн.

Документте сугат суунун өнөкөт тартыштыгы учурдагы бак-дарактардын куурап калышынын жана жаңы отургузулган көчөттөрдүн жерге начар көнүшүнүн негизги себептеринин бири катары белгиленген.

Буга байланыштуу Министрлер кабинети шаарлардагы сугат инфраструктурасын толук реконструкциялоону, автоматташтырылган, тамчылатып жана механикалаштырылган сугаруу системаларын кеңири киргизүүнү пландаштырууда. Сугат системалары көчөттөрдү отургузуу башталганга чейин даярдалышы керек.

Ошондой эле сугаруу үчүн тазаланган саркынды сууларды жана техникалык суунун башка альтернативдүү булактарын этап-этабы менен пайдалануу каралууда. Бирок тазаланган саркынды суулар лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык корутунду алынгандан кийин гана колдонулат.

Программада жай мезгилинде суунун тартыштыгы жаралуу коркунучу да белгиленген. Ушуга байланыштуу тамчылатып же механикалаштырылган сугаруу системалары иштебеген аймактарга өсүмдүктөрдү отургузууга тыюу салуу каралган.