Ысык-Көлдөн 2 200 метр эски синтетикалык тор чыгарылды
видеодон алынган кадр
11 ноябрь

Ысык-Көлдөн 2 200 метр эски синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн узундугу 2 200 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 30 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен 11-ноябрда кабарлашты. 

Маалыматта айтылганда1, 10-ноябрда суу биоресурстарын коргоо, браконьерликтин алдын алуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, көлдө калган эски синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемасына терс таасирин тийгизет.

Министрлик тарабынан Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу биоресурстарын коргоо жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо багытындагы иштер мындан ары да улантылат.