Баткен шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулма курулууда
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
28 апрель

Баткен шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулма курулууда

Баткен шаарынын Булак-Башы аймактык башкармалыгынын Сан-Сарай тилкесинде 20 гектар аянтка саркынды сууларды тазалоочу курулма курулууда.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, долбоор боюнча курулманын кубаттуулугу суткасына 8 миң куб метрди түзөт.

Курулуш иштери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жүргүзүлүүдө. Объектти быйыл пайдаланууга берүү пландалган.

Маалым болгондой, учурда облус борборунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан үч даректе 12 кабаттуу турак жай комплекстери курулууда. Батирлердин жалпы саны 4272ни түзөт.

Аталган тазалоочу курулма, биринчи кезекте, МИК тарабынан курулуп жаткан турак үйлөрдүн саркынды суу системасын тейлөө үчүн каралган. Муну менен катар келечекте шаардын башка турак жайларынын жана социалдык объекттеринин саркынды суу системаларын да кошуу пландалууда.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов объекттин курулушу менен таанышып, шаар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бул долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү бийлик тарабынан бардык тийиштүү колдоолорду көрсөтүп, тыгыз иш алып барууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак үйлөрдү таза суу менен камсыздоо боюнча да иштер жүрүүдө. Бул максатта Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынан жер тилкеси ажыратылган. Учурда тике суу кудуктарын казуу жана суу сактоочу резервуарларды куруу иштери жүргүзүлүүдө.