ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы
29 апрель
Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу суусунун жээги бекемделди
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Чоң Кызыл-Суу суусунун жээги габион таштары менен бекемделди. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор мамлекеттик ишканасы тарабынан аталган суунун жалпы 437 метри бекемделип, жалпы үч тилкеде жумуш жүрдү.
Натыйжада каналга жакын жайгашкан 27 турак үй сарайлары менен, ички чарбалык жолдор, көпүрө жана айдоо аянттары суу каптоодон коргоого алынды.
Эске салсак, 2021-жылы Чоң Кызыл-Суунун деңгээли көтөрүлүп, жээгинде жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап, айыл эли үчүн кооптуулук жараткан.
