Ат-Башыда эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы
10 август

Ат-Башыда эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылды

Ат-Башы районунда жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө жеке жаранга таандык эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган терилер боюнча тиешелүү иш кагаздар түзүлдү. Эс алуучу жайдын ээси терилер болжол менен 30 жыл мурда алынганын билдирген. Бирок алардын мыйзамдуу жол менен алынгандыгын ырастаган тиешелүү уруксат берүүчү документтерди көрсөтө алган жок.

Ошондой эле эс алуучу жайдын ээси текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн тиешелүү документтерге кол коюудан баш тарткан.

Учурда аныкталган жагдайлар боюнча бардык материалдар чогултулуп, мыйзам чегинде баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.

Экотехкөзөмөл кызматы жарандарды сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке кирген жаныбарларга карата мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырат.

Мыйзамсыз аңчылык кылуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо, сактоо же сатуу олуттуу жоопкерчиликке алып келет.

Эскерте кетсек, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы #224 токтомуна ылаыйк илбирске келтирилген зыян үчүн 2 миллион сомго чейин, ал эми күрөң аюуга келтирилген зыян үчүн 1,5 миллион сомго чейин доо каралган.