Кыргызстанда токойлор калыбына келтирилет. 81 млн сомдук макулдашууга кол коюлду
Бишкек шаарында «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ» долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары М.И. Дуйшеев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Т.К. Садыров жана башка тиешелүү адистер катышты.
Аталган демилге Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылып, токой ресурстарын туруктуу башкарууга, деградацияланган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жергиликтүү жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
Долбоордун алкагында 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү, жаңы токойлорду өстүрүү жана табигый калыбына келүү процесстерине көмөк көрсөтүү боюнча кеңири иштер пландалууда.
Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн «Жашыл мурас» улуттук демилгесине да шайкеш келет. Алсак, «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өлкөдө жашыл аянттарды кеңейтүү, токойлорду калыбына келтирүү жана экологиялык туруктуулукту камсыздоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
Кол коюлган макулдашууларды ишке ашыруу токой ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу башкарууга, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.
