Сокулук районунда 19 түп дарак мыйзамсыз кыйылган факт аныкталып, 295 миң сомдон ашык зыян эсептелди
28 апрель

Сокулук районунда 19 түп дарак мыйзамсыз кыйылган факт аныкталып, 295 миң сомдон ашык зыян эсептелди

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдын негизинде, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагы, «Присельский» участогу, 232-контурда жайгашкан ОсОО «Азия Энерго Ресурс» ишканасы тарабынан мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

Атап айтканда, аталган ишкана ижарага алып пайдаланган жер тилкесинде 19 түп дарак мыйзамсыз кыйылган. Натыйжада өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын өлчөмү 295 263,7 сом деп эсептелди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомуна ылайык, жапайы жаратылыш объектилерине келтирилген зыян үчүн белгиленген тарифтердин негизинде тиешелүү эсептөө жүргүзүлдү.

Бул факты боюнча доо коюлуп, чогултулган материалдар Сокулук РИИБине, ошондой эле Сокулук райондук прокуратурасына мыйзам чегинде кароо жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.