Түтүн жана абанын булгануусу: Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйыны өттү
2026-жылдын 17-февралында Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу болуп өттү.
Шаар башчысы коомдук угуунун катышуучуларына жаңы заводдо экскурсия өткөрүп, анын курулушу Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууда маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Мэр мурдагы Экологиялык кеңештин жыйынында берилген сунуштар аткарылганын билдирди. 2025-жылы жашылдандыруу планы 15 миңден 18 миң көчөткө чейин көбөйтүлүп, алар мектептерге жана шаардын аймактарына отургузулган. 2026-жылы бул көрсөткүч 50 миң көчөткө жеткирилди: тиешелүү келишимдер түзүлүп, учурда отургузуучу материалдар жеткирилүүдө. Көчөттөр отургузуудан мурун питомниктерде отургузулат, бул алардын жакшы тамыр алышына шарт түзөт.
«Экологиялык кеңеш — бул Бишкек шаарынын мэриясы сын-пикирлерди жана конструктивдүү сунуштарды угууга, иш-аракеттер планын иштеп чыгууга жана жыл жыйынтыгында отчет берүүгө даяр болгон аянтча», – деп белгиледи А. Джунушалиев.
Угуу учурунда негизги көңүл эки көйгөйгө – ышка жана абанын булганышына бурулду. Катышуучулар бир катар суроолорду берип, сунуштарын айтышты. Алар мындан аркы иштеп чыгуу үчүн каттоого алынды.
Жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев катышуучуларга жарандык активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Экологиялык кеңеште айтылган бардык демилгелер мэриянын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан ишке алынарын белгиледи.
