Кыргызстанда туризм тармагына чет өлкөлүк инвестициялар дээрлик 8 эсеге өстү
2025-жылы Кыргызстанда туризм тармагына агылып келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү каражаттын сыртка агылып кетүүсүн эсепке албаганда 87 млн доллардан ашты. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 7,8 эсеге көп жана 2021-жылдагы көрсөткүчтөн болжол менен эки эсе жогору. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитетинин «Кыргызстандагы туризм 2021–2025» аттуу статистикалык жыйнагында айтылат.
Туризм тармагынын тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 2024-жылы 1,1 пайызды түзсө, 2025-жылы 6,7 пайызга өскөн.
Инвестициялардын негизги булагы Нидерланддар болуп, туризм тармагына салынган каражаттын жалпы көлөмүнүн 72,8 пайызы ушул өлкөгө туура келген.
Инвестициялардын дагы 8,2 пайызы Бириккен Араб Эмираттарынан, 5 пайызы Өзбекстандан, 4,3 пайызы Швейцариядан жана 4,1 пайызы Орусиядан келген.
Ошол эле учурда туристтик объектилерди курууга салынган инвестициялар тескери динамиканы көрсөттү. 2025-жылы бул максатка 19,5 млрд сом жумшалып, 2024-жылга салыштырмалуу 27 пайызга аз болгон.
