Нарын облусунда инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүлдү
20 август

Нарын облусунда инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасынын негизинде Улуттук агенттиктин пландаштыруу жана мониторинг секторунун башчысы Нурбол Тынайбеков Нарын облусуна иш сапар менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаевдин, ошондой эле инвестициялык ишмердүүлүк маселелерине жооптуу райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин орун басарларынын катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө региондо инвестициялык саясатты ишке ашыруу, белгиленген көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана алардын иш жүзүндөгү абалы боюнча маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө инвесторлорду мамлекеттик колдоонун колдонуудагы чаралары, инвестициялык долбоорлорду коштоо механизмдери жана регионго жаңы инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Өзгөчө көңүл инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, келип чыккан административдик тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө бурулду.

Иш сапардын алкагында Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан, анын ичинде ар кандай баскычтарда турган бир катар инвестициялык долбоорлорго баруу уюштурулду.

Жер-жерлерде долбоорлордун учурдагы абалы, өндүрүштүк жана инвестициялык көрсөткүчтөрү менен таанышуу жүргүзүлүп, ошондой эле мамлекеттик органдардын кошумча коштоосун жана көмөгүн талап кылган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, Нарын эркин экономикалык зонасынын алкагында иштеген субъекттердин ишмердүүлүгү каралды.

Иш сапардын жүрүшүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ЭЭЗ субъекттеринин ишкердик ишмердүүлүгү жана зонанын өндүрүштүк кубаттуулугун мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Иш сапардын жыйынтыгында Улуттук агенттик менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Бул кызматташуу инвестициялык долбоорлорду колдоого, маселелерди ыкчам чечүүгө жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат.