Мэрия: «Бишкет» деген жазуу түшүрүлгөн брендделген автобустар боюнча расмий түшүндүрмө
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүнүн алкагында "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы коомдук транспорт каражаттарына бренддик чаптамаларды чаптаган.
Автобустарга жайгаштырылган бренддик материалдарда Кыргызстандын борборунун аталышы "Бишкек" туура жазылганын билдиребиз.
Ушуга байланыштуу социалдык тармактарда тараган «Бишкет» деген жазуу типографиялык ката эмес экенин маалымдайбыз.
Бренддик стикерлери бар ар бир автобус "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү тарабынан текшерилип, кабыл алынды. Социалдык тармактарда маалымат таратылгандан кийин, бардык 800 автобус кайра текшерилди. Текшерилген автобустардын биринде да бул жазуу табылган жок. Текшерүү иштери уланууда.
Автобустардын жасалгасынын башка элементтерине байланыштуу эч кандай кемчилик аныкталган жок. Ошол эле учурда буга чейин айрым автобустардан бренддик чаптамалардын башка элементтерин сыйрып же жулуп салган учурлар катталган.
Бардык бренддик чаптамалар бирдиктүү үлгү боюнча бир эле типографияда даярдалган. Эгер жазууда техникалык же типографиялык ката кетирилген болсо, мындай ката бардык автобустарда бирдей кайталанмак.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы текшерүү иштерин улантууда. Кошумча маалыматтар алынгандан кийин ишкана текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берет.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн видеонун авторуна кайрылган.
