Жаңы дайындоолор: Бишкекте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү
20 август

Жаңы дайындоолор: Бишкекте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү

Бүгүн, 2026-жылдын 20-августунда, «Тунгуч» залында Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мэриянын жылдын экинчи жарым жылдыгына карата алдыда турган милдеттери талкууланган коллегиянын отуруму өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов төрагалык кылышты.

Коллегиянын ишине укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт административдик райондун башчылары, ошондой эле муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө мэр Айбек Джунушалиев борбор калаада жол инфраструктурасын жаңыртуу, ошондой эле эскилиги жеткен  канализация жана жылуулук менен камсыздоо тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Отун-энергетика комплексиндеги иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу кадрдык чечимдер кабыл алынды.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык  ишканасынын директору болуп Курманбеков Нургазы Улукбекович дайындалды.

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу кызмат ордуна буга чейин Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары болуп иштеген Керимов Насипбек Асматович дайындалды.

Борбор калаанын мэри оңдоо иштеринин мөөнөтүнө таасир этүүчү учурдагы курулуш нормаларын жана эрежелерин (СНиП) кайра карап чыгууну тапшырды, анткени айрым учурларда алар негизсиз кечиктирүүлөргө алып келүүдө.

Мындан тышкары, мэр Айбек Джунушалиев административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында шаардын курамына кирген жаңы конуштарды суу менен камсыздоо жана канализация тармактарына кошуу боюнча милдеттерди белгиледи.

Бул иштерди координациялоо Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси боюнча орун басарынын милдетин аткаруучуга жүктөлдү.