Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда бугу-маралдардын кышкы тоюту даярдалууда
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда бугу-маралдардын кышкы тоюту даярдалууда.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, тоюттуу даярдоо ыкмасы кол менен даярдалып жатат.
Бул тоюттун сапаттуулугун арттырып, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Жалпсынан тоюттуу даярдоого ондой адам тартылып, ал Кара-Таш токой бөлүгүндө өтүүдө.
Белгилей кетсек, корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган. Бул аймакта Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, чощ үкү, орок тумшук чулдук сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт.
Корукта 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры, көкөмерен сыяктуу баалуу дары өсүмдүктөрү бар.
