Көк-Арт өрөөнүндө саркынды сууларды агызгандарга айып салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Көк-Арт өрөөнүндө жайгашкан эс алуу жайларында рейддик иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөнү булгаган саркынды суулардын агызылышына жол бербөө, ошондой эле тиричилик калдыктарын мыйзамсыз таштоонун жана белгиленбеген жерлерге төгүүнүн алдын алуу.
Рейддин жыйынтыгында 8 эс алуу жайына эскертүү каттары тапшырылып, аларга жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербөө боюнча тиешелүү талаптар коюлду.
Мындан тышкары, «Бай Кут» эс алуу жайынын аймагында тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерге таштоо фактысы аныкталды. Мыйзам бузууга жол берген жаранга карата административдик протокол түзүлүп, 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле «Нур Ордо» эс алуу жайынын аймагында саркынды суулардын жердин үстүнө агып чыгышы аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча жооптуу адамга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган рейддик иш-чараларды улантууда.
